super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу" мыйзамын 2020-жылга чейин жылдырганы жатышат

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 5-апрелдеги жыйынында "Автоунааларды жана турак жайларды камсыздандыруу" мыйзамы талкууланды.

Депутат Аида Салянова бул мыйзамды 2020-жылга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. "Автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам 2016-жылдын 8-февралында күчүнө кирет. "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам 2016-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирет",- деп баштады Салянова.

"Акыркы жарым жылда дүйнөдө жана республикабызда экономикалык кырдаал кескин начарлады. Бул биздин экономикабыздын ЕАЭБге кошулуусунун шартында иштөөсүнө, АКШ долларынын курсунун кыргыз сомуна карата кескин өсүшүнө, азык-түлүк товарларына баалардын өсүшүнөн жана ички рыноктун азык-түлүк товарларын, нефти өндүрүмдөрүн жана газды импорттоого көз карандылыгынан улам инфляциянын деңгээлинин өсүшүнө байланыштуу болууда. Аталган факторлор калктын материалдык абалынын начарлашына күчтүү таасир тийгизди. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулап жатат. Калк камсыздандырууга акча төлөөгө азырынча даяр эмес. Мындан улам "Унааларды жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу" мыйзамын 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирсин деп сунуштап жатабыз",- деди депутат.

Талкууда комитет мүчөлөрү "Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу" мыйзамын 2020-жылдан тарта киргизүүнү колдоп, ал эми турак жайларды милдеттүү камсыздандырууну 2017-жылдын апрель айынан тарта баштоону сунушташты. Комитеттин көпчүлүгү бул сунушту жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: