super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 7-апрелди дем алыш күн деп белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-апрелде өтүп жаткан жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Бул мыйзам долбоору аркылуу 7-апрелде курман болгондордун элесине таазим этип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында 7-апрелди "Элдик Апрель революциясы күнү" деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө демилгеси сунушталган.

Ошондон улам КРнын Эмгек кодексине жана “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга эки өзгөртүү киргизилет: мыйзамдын аталышындагы “апрель” деген сөздү “Апрель” деген сөзгө алмаштыруу, "Элдик апрель революциясынын күнү" деген сөздөрдү “Элдик Апрель революциясы күнү” деген сөзгө алмаштыруу.

Талкуу жүрүшүндө сунушталган мыйзам долбоору мындан эки ай мурда даярдалганы, аны бир катар коомдук уюмдар да колдогону, элдин талабы да ушундай экени белгилүү болду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети, бардык парламенттик фракциялар тарабынан жактырылган. Депутат Мээрбек Мискенбаев сындуу бир катар эл өкүлдөрү 2010-жылдын 7-апрелин “бир жолдун үч ашуусу” катары сыпаттап, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору добушка коюлуп, ал дароо эле үч окууда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 4-апрелинде президенттин “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель Элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыгы чыккан. Анда бул күндүн кыргыз өлкөсү менен кыргыз эли үчүн мааниси зор экени баса белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: