super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасы “Ишкердик жүргүзүү” Эл аралык рейтингинде 189 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи

 

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча “Ишкердик жүргүзүү” Эл аралык рейтингинде Кыргыз Республикасы 189 өлкөдөн 67-орунду ээлеп, өз позициясын жакшыртканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасы 35 позицияга көтөрүлүп, 102-орундан 67-орунга секирик жасады. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын рейтинги “Кредит берүү” жаатындагы реформалардын эсебинен жакшырып, 28-орунду ээледи.

Ошону менен бирге эле “Менчикти каттоо” индикатору жакшырды, ал дүйнөдөгү мыктылардын бири жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана региондун биринчиси болуп – 189 өлкөнүн ичинде 6 орунду ээледи. Бул индикатор боюнча мүлктү чектөөнүн жоктугу жөнүндө сертификатты берүүнүн онлайн-жол-жобосун киргизүү жолу менен менчикти берүү процесси жөнөкөйлөтүлгөн.

Глобалдуу атаандашууга жөндөмдүүлүк индекси боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасы 121-орундан 108-орунга көтөрүлүп, өз көрсөткүчтөрүн кыйла жакшыртты. Бул рейтингде өлкөнүн көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы макроэкономикалык чөйрөнү турукташтыруу жаатында жүргүзүлгөн реформалардын, мамлекеттик мекемелерди оптималдаштыруунун жана жаңы автомобиль жолдорун куруу жана болгондорун калыбына келтирүү жолу менен инфратүзүмдөрдүн сапатын жакшыртуунун эсебинен болду.

“Экономикалык эркиндик – 2015” ар жылкы рейтингде Кыргыз Республикасы 151 өлкөнүн ичинен 82-орунду ээлеп, өз позициясын 13 пунктка жакшыртты. Баалоонун жалпы жогорулашы инвестициялык, акча-кредиттик эркиндик жана мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөө жаатында олуттуу жетишкендиктерди чагылдырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: