super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Үңкүр-Тоо чатагын бийлик Бакиевге шылтаганы турабы?

 

Бүгүн, 6-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы катары таанууга 2006-жылы качкын президент Курманбек Бакиев макулдук бергени тууралуу маалымат тарады. Аталган тоо боюнча 1925-жылдан бери өлкөлөр ортосунда 4 жолу такташуу болгону, эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясынын акыркы жыйыны (азыркы бийликтин тушундагы комиссияны кошпогондо) 2006-жылдын 23-сентябрында Ташкентте өтүп, тийиштүү протокол кабыл алынганы айтылат маалыматта. Отурумдун протоколу делген документтер жарыяланды.

Документте Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында экени белгиленип, ал өзбекче Унгар-Тепа деп аталганы көрсөтүлөт. Кагаздарга жооптуу адамдардын колу коюлганын да көрүүгө болот. Бирок документтер кайсы расмий орган аркылуу интернетке таратылганы айтылбады. Андыктан бул документтерди ишенимдүү маалымат катары кабыл алуу мүмкүн эмес. Коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу аракетине окшошуп турат. Аксынын жергиликтүү депутаттары жарыялаган өкмөттүн Үңкүр-Тоо боюнча протоколун алгач "жасалма" документ дешти эле. Эми интернетке "Бакиев берип койгон" маанисинде маалымат таратылды. Бул айла кеткендеги жан талашуу эмеспи? Кемчилик, катачылыктардын баарын 6 жыл өткөнүнө карабай Бакиевге шылтоо тенденциясы дале күчүндө. Эл оозундагы бир уламыш эске түшөт...

Бир күнү аскердик бөлүктүн командири иштен айдалат. Командир кетип жатып ордуна жаңы дайындалган командирге: "Бир жыл күт, эгерде ишиң начарлап таптакыр болбой баратса, сейфти ач. Үч конверт калтырдым, аларды кезеги менен ачып, анда жазылгандарга жараша аракет кыл",- деп кеңешин берет.

Жыл өтөт, жаңы командирдин ишинде баш аламандык... Жетекчилиги чакырып, андан иштин артка кеткен себеби тууралуу рапорт берүүсүн талап кылат. Кыйналган командир сейфтеги биринчи конвертти ачып, "баарын мага шылтап кой" деген жазууну көрөт. Дымагы көтөрүлө түшкөн командир эртеси жетекчисине "баарына мурунку командир күнөөлүү, тартипке келтирүүгө убактым жетишпеди" деп кутулат. Бир жылдан кийин командирдин ишинин ашмалтайы чыгып, жетекчиге дагы рапорт берүүгө туура келет. Сейфтен экинчи конвертти ачса, "жаш экениңе жана тажрыйбаңдын жетишсиздигине шылта" деген жазуу болот. Эртеси жетекчисине "тажрыйбам аз болгондуктан, ишти жөнгө сала албадым" деп кырдаалдан чыгат. Дагы бир жылдан кийин ишин эптей албай калган командир рапорт бериши керек болуп, үчүнчү конвертти ачып, "Сен дагы үч конверт даярдай бер!" деген жазууну көрөт...

Кыргыз Республикасынын "командирлери" 3 эмес, далай конверт жыртышты... Эгерде "Үңкүр-Тоо чырына Бакиевдер күнөөлүү" деген маалымат өлкөнү жетектеп тургандар тарабынан жарыяланып жаткан болсо, анда азыркылардын сейфинде абал жакшы эмес. Оппозиция жарыялаган протоколду "жасалма" деп өкмөт актанып жаткан маалда бул документтер эмне үчүн жарыяланган эмес? Азырынча текшерүү жүрүп жатканы үчүн тоо маселеси тынчый түштү. Эгерде Аксынын аймагындагы тоону өкмөт жең ичинен "соодалап" жиберген болсо, анда азыркылардын да 3 конверт даярдай турган күнү жакындап калган сыяктуу...

Өкмөттүн жетекчиси Темир Сариев "мыйзамсыз тендер өткөрүүгө катыштыгы бар" деп айыпталууда. Тагылган айып абдан олуттуу, болгондо да аны катардагы кызматкер эмес, тендерди өткөргөн Транспорт жана коммуникация министрлигинин башчысы айтып чыкты. Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорунун курулушунда тендерден кытайлык компаниянын жеңип чыгуусунда Сариев жеке кызыкчылыгын көздөгөнү айтылып жатат. Мыйзамсыз иштерди бүтүрүүгө көмөктөшкөн делинип премьер-министрдин жардамчысы менен аталган министрдин орун басарынын аты аталууда. Өкмөт башчынын тагдыры кылдын учунда туру. Жолдун курулушундагы мыйзамсыз иштерди иликтеген депутаттык комиссия өкмөт башчынын отставкасын талап кыларын жарыялады.

Бүгүнкү күндүн жаңылыктарына көз жүгүрткөн адамда дароо эле "Бишкек ушунчалык криминалдашып кеттиби?" деген суроо жаралат. Жөн жерден эмес, анткени акыркы мезгилде адамдын үрөйүн учурган фактылар биринин артынан экинчи, үчүнчүсү кайталанып жатат. Бишкекте кечээ эки адамга ок чыгарып качып кеткендер табылбай жатат. Чүй - Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жөө бараткан эки жаранды автоунаа менен келип аткылашкан. Бирөөсү качып кетүүгө үлгүрсө, экинчисине ок тийип учурда ооруканада жатат. Ок тийген жаран кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү экени айтылууда. Демек, окуянын криминалдык дүйнө менен байланышы бар...

Баш калаанын ашкере криминалдашып баратканына дагы бир мисал. 6-апрелге караган түнү шаардын Шопоков - Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы жаранды белгисиз бирөөлөр бычактап кетишти. Такталбаган маалыматтар боюнча, кылмышка шектелип 8 жаран кармалды. Бишкек милициясы бул боюнча так жооп айтуудан качууда.

2010-жылкы "өлкөнү криминалдан тазалайбыз, кылмыштуулуктун тамырына балта чабабыз" деген убадалар азырынча сөз бойдон калууда. Милицияга ишеним аз, жарандардын ээн-эркин көчөдө жүрүүсүнүн өзү кооптуу болуп, коркунучтуу фактылар күн санап өсүүдө. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин кылмыштуулукка каршы кескин чараларынан дайын жок. Мындай шартта өзүн сыйлаган өлкөлөрдүн жооптуу кызматтагы адамдары кызматтан кетишет. Бир шаарда тартип орното албай айласы кеткен ИИМдин жетекчилигине качан чара көрүлөт?

Жакында Аксыда бийлик башындагыларды ачык сындаган активист Шекербек Камчыбек уулунун оозун жабууга "каралар" колдонулганы тууралуу маалымат бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү ураанына көлөкө түшүрдү. "Алмаз аттуу жергиликтүү "кримавторитет" "өлтүрүп кетем" деп коркутту, бир нече жолу телефон чалып тынч жүрүшүм керектигин айтты" деген активист бул иштин артында район акими Медет Айдаралиев турарын айтууда. Күтүлгөндөй эле аким "каралар" менен байланышы жок экенин билдирди. Бийликтин кемчилигин айткандарды кылмыштуу чөйрөнүн чеңгелине салып берүү аракеттери жасалган болсо жакшылыкка алып барбайт.

Бишкектин жаңы мэри Албек Ибраимов тегерегин тазалай баштады. Кечээ шаардын вице-мэри Замирбек Малабеков арызын жазып кызматтан кетти. Бул вице-мэр азыркы шаар башчысы менен же, тескерисинче, мэр аталган орун басары менен иштешкиси келбегенин билдирет. КСДПнын тикелей колдоосу менен мэр болгон Кубанычбек Кулматовго да убагында кадрдык маселеде эркиндик, мүмкүнчүлүк берилген. Жогору жактын колдоосу менен шаар башчылыгына келген Албек Ибраимовго да өз командасын алып келүүгө мүмкүнчүлүк берилген өңдүү. Эми шаар башчысы өзүнө ыңгайлуу, тескери сүйлөп түйшүк жаратпай тургандарды орун басарлыгына дайындайт да ишин улантат... Алдыда президенттик шайлоо. Максатка жетүү үчүн ишенимдүү команда керек да.

Бийлик 7-апрелди шашылыш түрдө дем алыш күн деп жарыялады. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президент чукул сунуштап, тийиштүү мыйзамды өкмөт менен Жогорку Кеңеш тез арада токтоосуз кабыл алып берди. 7-апрель датасына артыкчылык берүү боюнча президенттин демилгесин тармактык комитет 5-апрелде карап жактырса, 6-апрелде Жогорку Кеңеш дароо 3 окууда кабыл алып берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, мыйзам дароо күчүнө кирет. Өлкөдө эртең дем алыш болору күтүлүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(74)
06.04.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бакиев не болсо дагы силерге караганда намысы болгон экен. Ошол 5 жыл ичинде Акаевге туртуп коймой фокустарын корсотпоптур. Силерге соз жок эми, башчынар ар жыйналышда соссуз бул эки президентти жамандап отот, силер болсо башчынардын созун улай минтип фокусдарды корсотуп койосунар.
06.04.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Кыргызстандын жараны катары Биздин Президент баш болгон бийликтегилерибизге эмне дешимди билбейм, айтсам унум жетпейт, ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-06 17:52:10
06.04.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
yrysbek, ачууга алдырып, провокация жаратпаңыз!
06.04.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаман иш кылып алсанар президентибиз Бакиевге шылтайсынар,жакшыраак иш жасамыш болгондо кокурок кагып суйлойсунор мен жасадым деп.Ушундай темп менен кетиште бийликтегилер бир кун мурт кетесинер го элдин каргышына калып.
06.04.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
еми баарын Бакиевке илгиле бироо олсо да бакиев бироо торолсо да бакиев уят ар намысы бар бир адам иштейби ак уйдо?
06.04.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул теманы окуп алып өзүнчө эле күлкүм келди башка айла деле жок
06.04.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Супер Инфо силерди дагы "каралар" аркылуу тазалап журушпосун...ото эле айдан ачык жазып баштадынар...бул кылганар чон эрдик!!!
06.04.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш баланы алдагандай алдап койуптур го тобба кылдым. Качаан достойный Адам башкарат экен бизди.
06.04.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саби, Ainurhi, сайттан ката тапсаңыз, катаны белгилеп, Ctrl+Enterди басып койсоңор жетиштүү. Билдирүүлөрүңөр талкуудан алыс болгондуктан өчүрүлдү!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-06 18:05:33
06.04.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиев жен ичинен сохко коридор берип кийин билингенде чуу чыгып токтогон.Эми Темир Сариев жен ичинен ункур тоону берип жиберем деп кармалып калды.Экоо тен Саясаттагы олук орусча(политический труп)болуп калды.Эн коркунучтуу бийлик бул элге билгизбей жер саткан бийлик Сариев дагы Бакиев дагы ото кооптуу кыргыз эли учун.
06.04.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Мм ошондо ошентип эле Сарыке сатып.Бакиев сатты болуп Ункур Тоону алдырып элибиз эси ооп отуруп калышабы.Жоооок силер ото катуу адашып жатасынар.Парламентти жоюп.президенттик башкаруу кылып.Мырзакматовду алып келип.теке койлорду америкасынабы.турциясынабы жолдомо бериш керек болуп калды.Эл абдан кыйналып жатат.Абдан......
07.04.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bars_wire,Мырзакматов гана Кыргызстанды онуктуро алат!!!
06.04.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эмнеге ком чыкпайт
07.04.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmaral, саламатсызбы!
Комментарийилериңиз чыгып жаткан. Баракчаны жаңыртыңыз. Opera mini браузерин эмес, башка браузерди колдонууну сунуштайм.
06.04.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жетбеди акылынар,эл ишенбей калганына.
06.04.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
samidinova84,Ооба сиздин эле акылыныз жетет,калганы кем акыл.
06.04.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Labadax,элдин баары акылдуу азыр.
06.04.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
samidinova84,Туура айтасыз Гуля айым )))
06.04.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кой бергиле ошончо жерди, кыргыз эли кен пейил го...
06.04.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакиевге оодарганды качан коёсунар??? Бул нерсе эскирдиго. Бийлик айткандай болгондо Каримов давно алып коймок ал тоону.. Абийиринер калбадыго!!
06.04.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супердин жамааты сиздерге ыраазычылык. Макала курч болуптур. Таразаныздар так,калеминиздер курч болсо эл ар дайым сиздер менен болот
06.04.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уяты жок бийлик .
06.04.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы бийлик сатып Бакиевге оодарып жатат ошол кол койгон деп ,ушинтип берилип кетеби тообуз. Ушул бийлик ото сасык начар элди ойлобогон бети жоктор экенсинер.
06.04.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айып иштин баарын эле Бакиевке жуктой берип азыркы бийлик оз кадырын кетирип жататко.Жакшылап ойлонгулачы бийлик окулдору мумкун Батукаевти да Бакиев качыргандыр,мумкун сизодогукылмышкерлерди да Бакиев качыргандыр,мумкун ар жерлерден союлуп жаткан эшектерди да Бакиев союп жаткандыр.Мен бир нерсени ачык билем Бакиевтин убагында мен у-н эн кымбат турган ата апамдын пенсиясы бир канча жолу которулгон ж-а айдын башында берилип турган ж-а балдарым мектептен сапаттуу тамактанып турган.
06.04.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне мынча шордуу элбиз....
Илгери ата-бабалар жер учун согушуп жанын берген. мамлекеттүүлүгү жок улуттар канча. А биздин уяты жок чиновниктер сатып жатышат
06.04.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Астафираллаа кудайым ушулардын айыбын ачып Бакиевдин элдин алдына тизе чоктуруп бир омур жазаласынчы омиин
06.04.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушунчалыкка да барабы азыркы бийликтегилер?емнеге анда 6 жылдан бери Бакиевдин Ункур тоону берип салгандыгы туралуу бир дагы маалымат айтылган емес?Атамбаев еле айтпай калсын.
06.04.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Т.Сариевдин ден соолугун текшертип коюш керек, камалгыча. Болбосо чоңдордун адаты эле камалганда ооруп калмай
06.04.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Макала ото курч жазылган, эн жогорку денгээлде, уламыштарды мисал келтиргени абдан жакты. Ким жазса да баракелде!!! Калеминиз курчусун. ММКнын кайсы туру болбосун качан эл тарапта болсо окумдуу болот. Супер алга!!
06.04.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
2 жыл мурун Унгар тоого озбек аскерлери келип туусун сайып койгондо аран кетирген эле ошондо бир деме деп убада берген окшойт да эми чыгып жатат акырындык менен.Откондогу озбек аскерлери жон гана кеткенине ишенгим келбейт анын да былыгы эртен чыкбаса болду Атамбаев кеткен сон.
06.04.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Супер инфо гезити акыркы кундору ачуу чындыкты катыра жаза баштады азаматсынар.буга чейин майдаланып кеткен болчу анча окубайда калган болчум.Алла раазы болсун силерге.!!!
07.04.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саткындар сатып ийишти,,,куноону кимге илишти,четинен жонуп саткыла Анан Бакиев кылган бул ишти деп чыгабергиле,,,,,
06.04.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдаралиев айласын таппай коркуттубу? Бир адамдын оозун жабат, калайык калктын оозуп жаап болуптур. "Эл каптаса сел болот" деген макал бар урматтуу Аксынын акими.
06.04.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акаев сатканды Бакиев оодарган жокго Акаевге . Бакиевдин намысы бар экен. Азыркы бийлик уятынар жок силердин
06.04.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер инфо айдан ачык жаза баштадынар азаматсынар !
06.04.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу кабарды ким жазсада молодец!эчтекеден коркпой булда элге куйуп кызмат жоготуштан коркпой жазыптыр,ушуну гезиттин бетине ушинтип жазса ото сонун болмок,бар бол.
06.04.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми башынарга таш тийсе да Бакиевке шылтагыла!Ушу жакшы "падышадан"багыбыз ачылбады го((
06.04.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут ХХХ ХХХ чогулуп алган ак уйго е тооба ушунчалыкта бети жок болобу аззззмаз намыс болсо кана эми
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-07 10:25:08
07.04.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenesh0749, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: