super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт тууралуу китебин жарыкка чыгарды

 

Бүгүн, 6-апрелде депутат Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт тууралуу китебин жарыкка чыгарып, бет ачарын өткөрдү. Китеп "Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү" деп аталып, 500 беттен турат.

Китеп 2010-жылдын 7-апрелинде болгон кандуу окуядан кийин бакиевдик бийликтин кулашын, андан кийин өлкөдө кырдаалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн, андагы окуяларды камтыйт. 500 беттен турган китепте 8 глава бар. Автор башкы беттерден тарта 2010-жылкы окуянын келип чыгышы, бул бир-эки күндө боло калган окуя эмес экенин айтып, совет бийлиги кулагандан ошол кезге чейинки саясий кырдаалга ой токтоткон.

Бет ачар аземине Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги депутаттар, фракциялардын лидерлери, премьер-министр, коомдук ишмерлер жана башка саясатчылар катышышты.

Өмүрбек Текебаев китепти жазуу идеясы Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаевага таандык экенин айтты. Ал эми басып чыгарууда жана башка чыгымдар боюнча Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери, көрүнүктүү саясатчылар көмөктөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: