super.kg logo
  Саясат  

Депутаттык комиссия Темир Сариевдин кызматтан кетишин талап кылат

 

Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевдин отставкасын талап кылат. Бул тууралуу комиссиянын 6-апрелдеги жыйынында айтылды.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев тендерде уткан компанияда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айтты. Бүгүн түшкө чейин аталган жолдордун курулушуна байланышкан чыр боюнча өкмөт башчы Темир Сариевдин тапшырмасы менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссия министр Аргынбек Малабаевдин жоопкерчилигин кароо сунушун премьер-министрге берген.

Өкмөт башчы министр Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге сунуш киргизгенин, SUPER.KG'ге өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Тендердеги мыйзам бузууларда өкмөт башчынын жардамчысынын жана транспорт жана коммуникация министринин орун басарынын аты аталууда. Аталган жолдорду куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: