Актёр Пол Уокердин өлүмү боюнча "Порше" унаа чыгаруучу компаниясы күнөөсүз болуп табылды

"Порше" компаниясы "Форсаж" тасмасындагы актёр Пол Уокердин өлүмү үчүн жоопкерчиликти албайт. Мындай чечим Калифорния соту тарабынан кабыл алынган. Өндүрүүчүлөргө каршы доо арызды каргашалуу жол кырсыгында актёрдун жанында болгон Рожер Родастын жубайы жазган. Автокырсыкта айдоочу Рожер Родас жана анын жүргүнчүсү, актёр Пол Уокер каза болушкан эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 6-апрелде жазып чыгышты.
Родастын аялы компанияны "унаадагы салондун сактагычтары бекем болгон эмес, унаа асмасындагы кемчиликтерден улам кырсык болду" деп күнөөлөгөн. Бирок сот унаа өндүрүүчүнүн күнөөсүн тапкан эмес жана аялдын доо арызы четке кагылды деп билдирген.
Эске салсак, 2013-жылдын 1-декабрында Пол Уокер автокырсыктан улам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Ажалдан алып калуучу жерин эч бир компания чыгаралбайт ко дейм...
Талкууга ылайык келбеген билдирүү жазуудан алыс болгула!