super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Элибиз эч качан жолун жоготпосун!"

 

"Бара-бара 7-апрель майрамы кыргыз эли үчүн салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот",- деп айтылат президент Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик Апрель революциясынын 6 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Бүгүндөн баштап өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына дагы бир майрам – 7-Апрель – Элдик Апрель революция күнү кошулду. Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак. Бул жол 2002-жылдын 17-мартында Аксыда башталган. Бул жол 2005-жылдын 24-мартында бийликтин булагы эл экенин тастыктаган. Бул жол 2010-жылы 7-апрелде элибизди жеңишке алып келген.

Экинчиден, эзелтен эле дүйнөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт.

Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол элдер үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң шаңдуу, эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет. Мисалы, Францияда Бастилия чебинин алыныш күнү, бир катар мурдагы совет өлкөлөрүндө 9-Май - Жеңиш күнү жана башка ушуга окшогон күндөр дээрлик ар бир мамлекетте бар",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: