super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз кыздары көбөйүүдө...

 

Бүгүн, 7-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Өлкөдө 7-апрель расмий түрдө биринчи жолу дем алыш күн катары белгилене баштады.

Кыргыз мамлекети 6 жыл мурунку Апрель окуясын эскерди... Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана спикер Асылбек Жээнбеков баштаган мамлекет жетекчилиги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышып, революцияда каза тапкан азаматтарга куран окулду. Иш-чарага катышкан экс-президент Роза Отунбаева журналисттерге революциянын жыйынтыктарын атады. "Тарыхта 6 жыл - бул эмне? Бул - деңиздеги бир тамчы. Дагы 6 жыл, 60 жыл өтсүн, ошондо революциянын жыйынтыгы көрүнөт. Революциядан 6 эле жыл өтсө, силер, журналисттер, "Кандай ийгиликтер болду?" деп кокодон аласыңар. Өлкөбүзгө туруктуулук келди, бийликке жаштар аралашты. Бүгүнкү күндө көптөгөн коррупциялык иштер ачыкка чыгарылып жатат",- деди Отунбаева.

Чет мамлекеттерде кыргыз кыздарынын укуктарынын тебелениши күчөөдө. Индияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыргыз жараны куткарылганы маалымдалды. SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 30 жаштагы кыргыз айымы Бхубанешвар шаарында сексуалдык кулчулукка кабылган. Жакында бошотулуп, азыркы учурда аны мекенине жиберүү аракеттери көрүлүп жатыптыр.

Дагы бир мисал. Түркиянын Адана шаарында "кыргыз кыздарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган" деп айыпталып Айсулуу аттуу айым кармалганын чет элдик ММКлар жарыялашты. Кылмышка шектүү айым кыргыз жеринен кыздарды "жумуш менен камсыз кылам" деп чакырып, аларды сойкулук кызматтарга түрткөнү айтылат маалыматта. Жабырлануучу кыз башка кыздар менен чогуу эки айдан бери иштеп жаткан.

Биринчиден, кыргыздын кыздарын чет өлкөгө оор турмуш түртүүдө. "Жыргаганымдан жылкычы болупмунбу?" дегендей, тиричиликтин айынан сыртка чыккан айымдар сабатсыздыктан же айрым шылуундардын азгырыгы менен түрдүү кыйынчылыктарга кабылып жатышат. "Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" демекчи, өлкөбүздүн өзүндө кордолуп жаткандары канча. Кыздарды бөтөн элге жибербөө үчүн мырзалар намыска келип, үй-бүлөнүн бюджетинин жоопкерчилигин моюнга алуу керек болуп тургандай. Илгери кыргыздын айымдары сыртта эркектердин ишине аралашчу эмес, үйдөгү иштерди бүтүрүү менен чектелчү. Азыр, тескерисинче, аялдардын көбү киреше табуу түйшүгүн моюнга алышты.

Кыргыз өлкөсүнөн чет мамлекеттерге 5 миллиард сомдон ашуун акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 2014-жылдын июль айынан декабрь айына чейин М.К. аттуу жеке ишкерге тийиштүү "РП", "ТТВ" жана "Б-Ба" аттуу ишканалар (ЖЧК) 5 миллиард 641 миллион 380 миң сомду коммерциялык банктар аркылуу Түркия, Дубай, Кытай, Эстония мамлекеттерине жөнөтүшкөн. Бирок аталган ишканалардын ээси "киреше түшпөй жатат" деп тийиштүү салыктарды төкпөй жүргөнү маалымдалды.

Бул шылуундун тийиштүү салыгын тезинен мамлекет казынасына түшүрүш керек. Тийиштүү органдар "киреше түшпөй жатат" делген ишканаларды жакшылап текшербей же текшерүүдө жеке кызыкчылыктарын көздөгөн болушу да мүмкүн. Карапайым элдин бир тыйынына чейин эсептеп алган салыкчылардын оозун акчалуу кожоюн жаап салганбы?

Футбол сүйүүчүлөрү көптөн күткөн күн келип, 7-апрелде Эл аралык футбол федерациясынын рейтинги жарыяланды. Анда улуттук курам кыргыз футболунда дагы бир рекорд жаратып, 209 кураманын ичинен 100-орунду ээледи. Мындан 4 жыл мурун расмий оюн өткөрбөй, 200-орунду ээлеп турган курам акыркы жылдары чоң-чоң секириктерди жасады. Учурда Футбол федерациясынын жетекчилиги жана башкы машыктыруучу өпкө-өпкөсүнө батпай сүйүнүп, жетине албай жаткан кез. Себеби федерация машыктыруучунун ишин рейтингдеги көрсөткүч боюнча бааласа, эл ушул эле көрсөткүч менен федерациянын жумушуна баа берет.

Рейтинг 1 айлык же жылдык жумуштун жыйынтыгын баалай турган саналуу факторлордун бири. Андагы 100-орун футболдун өнүгүшү боюнча алдыга чыккан 100 мамлекеттин катарын толуктадык дегенге жатпайт, анткени чечилбеген көп маселе бар. Мисалы, кыргыз футболу эл аралык деңгээлде өнүгүп жатканы менен, улуттук курамга оюнчу тандап алчу өлкө чемпиондугунда команданын аздыгы, аймактарда футболдун жетиштүү өнүкпөгөнү, стадиондордун жетишсиздиги...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(13)
07.04.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
именно 7-апрелде киргени-бул символикалык белги,жакшы корунуш,куттуктайм!
07.04.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен дагы бугун БАНдан чыктым,10кун жатып,хотя 2кун дешкен эле)))Баардык футбол суйуучулорун куттуктайм!Абдан кубанычтамын,Александр Крестининге озгочо алкыш жана жигиттер алга!Азаматтар!
07.04.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооо Кыргызстан алгаа
07.04.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылдан бир кЫз Турция да 3жыл журуп акылынан айнып ооруп келди
07.04.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алга оркундоп осо бер
07.04.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отунбаева да ойлобой суйлоп койгонго 60 жылда деп жеп тоноп чачып бутунорго Кыргыздын бар байлыгын 60 жылдан кийин ким бар ким жок ондойм иштейм деген адам 2 3 жылда ондоп иштеп таштайт
08.04.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан Алга !
08.04.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тонбу же тунбу ошондо кыргыздын кыздары?
baltabaev түзөттү 2016-04-08 01:30:52
08.04.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
owtu, маанисиз билдирүү жазуудан алыс болуңуз! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
08.04.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сексуалдык кулчулук эмей эле кыздарыбыз оз эрктери менен ушул жолдо иштеп жургондору толтура экен. Мен Алматыда гостиницада горничная болуп иштейм, далай кыргыз кыздарды кордум клиенттери менен келип туноп кеткендерин. Кудай ыйман ынсап бербесе кыйын.....
08.04.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Medina87,
Туура айтасын созуно кошулам
толгон токой иштер бар мээнет кылыш керек болгону
оной акчага алданбай
09.04.2016. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева 60 жыл дейби.
Хотя бы 20 жыл деш керек эле
Путин эн чон мамлекетти почти 15 жылда бутуна тургузуп койдуго
10.04.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айып Кыздардын өзүндө оор турмуш туртсо деле өз калоосу менен Турктор менен эле журот ар күнү кочожон көрөсүң жетелешип баратканын иштегени келгкнден кийин кысчуу жерлерин кысып иштеп түз жүрүп кетиш керек. Жаңы эле келген кыздарга айтасың этиат болгула түз жургуло дейсиң бир аптадансон көрөсүң бир түрк менен жүргөнүн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: