super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев отставкага кетүү арызын бергени тууралуу сөздөр тарады

 

Премьер-министр Темир Сариевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы президент Алмазбек Атамбаевге келген жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Айта кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары бүгүн өкмөттүн отставкага кетери тууралуу жазып чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өкмөт башчы Т.Сариев отставкага кетүү жөнүндө арызын президентке жөнөтмөкчү.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 13-беренесине ылайык, өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:

1) Жогорку Кеңештин фракцияларынын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондо;

2) Конституцияда каралган учурларда, Жогорку Кеңешке шайлоолор мөөнөтүнөн мурда дайындалганда;

3) Президент тарабынан өкмөттүн отставкасы кабыл алынганда;

4) Президент тарабынан премьер-министрдин отставкасы кабыл алынганда;

5) Конституцияда каралган тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу президент тарабынан өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынганда;

6) ушул беренеде каралган тартипте, Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартышына байланыштуу өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим президент тарабынан кабыл алынганда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: