super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Орусиянын, Армениянын, Казакстандын жана Кыргыз Республикасынын депутаттары экономикалык форумга катышууда

 

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында «Евразиялык экономикалык келечек» Эл аралык экономикалык форуму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин депутаттары, КРнын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышып жатат.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин, биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев өз сөздөрүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара биргелешип аракеттенүү маанисин баса белгилешти. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын, Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения депутаттары да баяндама жасашмакчы.

Эл аралык экономикалык форумдун катышуучулары экономика жаатында биргелешип аракеттенүү маселелерин талкуулап, салык жана бажы, миграция, соода-сатык, аларды техникалык жактан жөнгө салуу сыяктуу бир катар орчундуу маселелер боюнча пикир алышат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: