super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кел, бийле" ырынын клибин тартканда генератордун үнү катуу чыккандыктан, музыканы болушунча катуу жаңыртканга мажбур болгонбуз" дейт Добр

 

Кыргыз шоу-бизнесинде рэп жанрындагы ырларга клип аз тартылат. "Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлгөн рэп ырчысы Добрдун "Кел, бийле" ырынын клиби жүктөлүп, көп кароолорго ээ болгон. Ырчы тартуу учурундагы кызыктарга токтолду:

"Кел, бийле" ырынын клиби чыгармачылыгымда ийгилик алып келген, ошол учурдагы жакшы клиптердин катарын толуктаган десем болот. Аны клипмейкер досум Эрнист Сыдыков тарткан. Генератордун жардамы менен клип тартканыбыз кызык болгон. Себеби клиптеги кээ бир учурларды кечинде тартмакпыз, так ошол маалда электр тогу жок болуп калып, үйдөн генераторду алып барганга туура келген. Анын үнү дарылдап аябай бийик чыгат эмеспи, ага карабай музыканын үнүн андан да катуу чыгарып клип тартууну улантканбыз. Клип 10 күндө тартылып бүткөн".

Добрдун "Кел, бийле" ырынын клибин бул жерден көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: