super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: 13 жыл мурун Ирактын Багдад шаарын баскынчылар басып алышып, Саддам Хусейндин бийлиги кулатылган

 

2003-жылы 9-апрелде Ирактын Багдад шаарын баскынчылар басып алышып, президент Саддам Хусейндин бийлиги кулатылган. 22-июлда АКШнын аскерлери Саддамдын уулдары Удай менен Кусайды табышып, аткылап өлтүрүшкөн. Анын жубайы менен кыздары Сирияда баш калкалап, ошол өлкөдө жашап жатканы белгилүү болгон. Саддамдын жан жөкөрлөрү колго түшсө да каардуу диктатордун карааны көпкө чейин табылбай калган. Америкалыктар анын дарегин айткан адамга 25 миллион доллар сыйлык берилерин жар салышканда өзүнүн аталаш тууганы Саддамдын кайда экенин айтып койгон. Ошентип, 2003-жылдын 13-декабрында АКШ аскерлери Ирактын экс-президентин өзү туулган айылдагы фермалардын бириндеги түбү терең казылган жер кепеден сууруп чыгышкан. Колго түшкөн экс-диктатордун алгачкы соту 2004-жылдын 1-июлунда башталып, кызыгы, мурда алынып салынган өлүм жазасы Саддам Хусейнге колдонуу үчүн кайра киргизилген. Ошентип, 30-декабрда экс-диктатор дарга асылып, эртеси күнү өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө сөөгү коюлган.

Негизи, 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу теракттан соң, АКШ президенти Жорж Буш "Ирак президенти Саддам террордук топтор менен кызматташканы үчүн аны жок кылуу керек" деген чечим кабыл алат. 2003-жылдын 20-мартында Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери массалык кыргын салуучу курал бар де­шип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюнуна алган.

9-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: