ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев тирүү болгондо 83 жашка чыкмак

1933-жылы 10-апрелде мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн.
Ал Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын 1-катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, КРнын Мамлекеттик техникалык көзөмөл мекемесинин (Госгортехнадзор) директору болуп иштеген. 1995-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон.
2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
10-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

