super.kg logo

Боом капчыгайында граффити тартып, коомчулуктун сынына кабылган "DOXA" арт-тайпасы "Дубал" көргөзмөсүнө "- Эээ, Кандай?" деп турган жаш баланын сүрөтүн койду (фоторепортаж)

 
Сүрөттүн аталышы "- Эээ. Кандай?" DOXA-арт тайпа
Көп кырдуу талант ээси Сүймөнкул Чокморов. DOXA-арт тайпа
"Максым". DOXA-арт тайпа
"Селфи". DOXA-арт тайпа
"Жынсы". PIZ-арт тайпа

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы музейде 9-10-апрель күндөрү кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын көчө искусствосунун негизги өкүлдөрүнүн катышуусунда "Дубал" аталышындагы көргөзмө уюштурулду. Анда "REPAS", "CHERVI", "PIZ", "DOXA", "GREY" арт-тайпалары катышышты.

"Көчө сүрөтчүлөрү үчүн дубал чыгармачылыктын негизги объектиси болуп саналат. Ошондой эле дубал - көрүүчүнүн чыгарма менен жолугушуу орду сыяктуу, дубал - тоскоолдук, вандализм менен искусствонун ортосундагы чек сыяктуу да көрүнүш. Дубал - талаштардын аянты, өзүңдүн көркөм өнөрлөрүңдү эле эмес, активдүү жарандык көз карашыңды көрсөтүүчү арт-объект жана коомчулукка кайрылуунун куралы катары да болуп калат",- дейт көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Евгений Макшаков.

Көчө искусствосу жергиликтүү маданият менен кошулганда жаңы, өзүнчө формага ээ болот. Ошондуктан кадимки дубал эмес, жергиликтүү маанини баса белгилөө үчүн "Дубал" деп аталган.

Көргөзмөгө коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган сүрөттөр коюлду. "Бир караганда кабыл алууга оор, түшүнүксүз сезилген сүрөттөр аркылуу сүрөтчү дүйнөгө болгон көз карашын, учурду жана өзүнүн ойдон чыгарылган каарманын бериши мүмкүн",- дешет уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, "DOXA" арт-тайпасы "DOXA" Боом капчыгайындагы сүрөттөрү менен коомчулукка белгилүү болгон. Ал эми ал сүрөткө жаштар "кыргыз маданиятынын баалуулуктары шылдыңга алынды" деп каршы чыгышкан. Ошондой эле бул тайпа белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүн дубалга тартышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.04.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чокморов укмуш, селфи да жакты..
11.04.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тиги чочконун башын кошкондор туру суук тартвоганы менен кооп маанини билдиргендей сыягы. Селфи сонун
11.04.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир коргон адамга тушунуксуз бирок коп нерсе камтылган.
11.04.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарды чочкого чыгарып салыптырго болбоду
11.04.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журокту тушургон суроттор барго
11.04.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жынсы сонун тартылыптыр
11.04.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шайтан , дажжал, чочко суроттор эмне кереги бар.
11.04.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшекти устуно чыгып алганго
Ruslan4458 түзөттү 2016-04-11 16:58:29
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: