super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эл жасалмасы жок нукуралыкты жактыргандыктан, "Суранам" аттуу ырымдын клиби көпчүлүккө жакты" дейт Замир Арыкбаев

 

Көпчүлүктүн купулуна толгон чыгарма жаратуу оңой эмес, бирок Замир Арыкбаев ырдаганда жаш-кары дебей сүйүп көрүшөт, көрүүчүлөр арасында жылуу пикирлер айтылат. "Медиа-портал" бөлүмүндө ырчынын "Суранам" ырынын клиби да жогоруда айтылган сөздөрдү далилдейт. Клип тууралуу ырчы мындай дейт:

"Клип тартууда тажрыйбалуу болуп калбадыкпы, андыктан кыйынчылыктар деле болгон жок. Мен 2-3 жолу съёмкага барып ырдап койдум. Калганын тартуучу топ бүтүрдү. Жумуштун өзү кызыктуу да, андагы адамдар, режиссёрлор менен тамашалашып иштөө кызыктуу болду. Клипте башкы каарман кыз менен түз байланышым жок. Жашыруун сүйгөн адам болуп, ага ким экеним такыр билинбейт. Соңунда гана концертиме келип, белек берип жүргөн жигит экенимди билет.

Ырдын клиби элге жакканына кубанычтамын, бул да болсо тартуучу топтун эмгеги, ийгилиги. "Ыр, мелодия жагымдуу, аткаруу чеберчилиги да жакшы" деп айтып жатышат. Клипте ашыкча эч нерсе жок. Эл нукуралыкты, жасалмасы жокту жактырат эмеспи. Элдеги нерсени алып, кайра эле элге беришип, режиссёрлор мыкты деңгээлде иш алып барышты. Андыктан ыр менен клип бири-бирине төп келип тартылып, көпчүлүктүн купулуна толду".

Замир Арыкбаевдин "Суранам" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тонна краски го кайдагы жасалмасы жок катардагы эле видеолордун бири.
11.04.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонунда гана концертиме келип белек берип жургон жигит экенимди билет..дегенди кандай тушунсо болот?же концертиме эмес концертинеби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: