super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы СИЗОдо отурган оппозиционерлер менен сүйлөшүп келди

 

8-апрелде акыйкатчы Кубат Оторбаев иш сапары менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсуна барып, камакка отургузулган адамдарды кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы иш сапарынын жүрүшүндө төмөнкү адамдар отурган камераларга кирди:

- президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев;

- президенттик аппараттын мурунку башчысы Каныбек Жороев;

- мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов;

- өкмөт аппаратынын бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Алтынбек Муралиев;

- "Альфа-Телеком" ишканасынын башкы директорунун мурунку кеңешчиси Алмазбек Абеков;

- Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов;

- ички иштер министринин мурунку орун басары Кубанычбек Кадыров;

- коомдук ишмер Эрнест Карыбеков;

- парламенттин мурунку депутаты Максат Кунакунов жана башкалар.

"СИЗОдо отургандардын арасынан Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбеков жана М.Кунакунов акыйкатчы К.Оторбаев менен сүйлөшүүнү суранышты. Алар акыйкатчыга сот туура чечим чыгарарына үмүттөнөрүн билдиришти. Иш сапарынын жыйынтыгында К.Оторбаев төмөнкүлөрдү белгиледи:

1) Камакка отургузулгандар СИЗОнун жетекчилигине жана кызматкерлерине арызданышкан жок. Аларга карата кыйноо, ур-токмокко алуу болгон эмес.

2) УКМКнын СИЗОсунун санитардык абалы канааттандырарлык. Тамак-аштын көлөмү талаптарга жооп берет.

3) УКМКнын СИЗОсунда медициналык жардамдын деңгээли, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектин тизмеси анча эмес",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: