Максим Бакиев 25 жылга эркинен ажыратылды
26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Максим Бакиев бир нече беренелердин негизинде айыпталды. Мындан сырткары анын мүлкү конфискацияланат. Айта кетсек, М.Бакиев 2007-жылы Ысык-Көл облусундагы “Витязь” пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган. Мындан мамлекетке 123 498 700 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле ал “Түндүк электр” ишканасын 135 700 000 долларга сатууга аракет кылган. Учурда Башкы прокуратура Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүргүзүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
3

Мыйзам боюнча айыпталуучуга карата СОТ сырттан өкүм чыгарууга мүмкүн. Билип-билбей орунсуз сын айтуудан оолак болуңуз.