super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эстедим" клибине тартылган кыз күйөрмандарга жагып, концерттеримде анын телефон номерин сурагандар көп болгон" дейт Кубаныч Сатаев

 

Кубаныч Сатаевдин "Эстедим" ырынын клиби учурунда хит болгон. Жагымдуу, жай ыргакта ырдалган бул ырдын клиби "Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу клиптердин бири. Ырчы клип тартуудагы кызыктар жана кыйынчылыктар тууралуу буларга токтолду:

"Бир күнү "Эстедим" ырын радиолордун биринде музыкалык редактор болуп иштеген маркум Медер Осмоналиевге таштап, гастролго кеткем. Ал 2 ырымды угуп көрүп, алып калган. Кийин келсем, "Эстедим" аябай хит болуп кетиптир. Андыктан бул ырдын хит болушунда Медер Осмоналиевдин орду чоң. Ошол үчүн ушул ырга клип тарттык.
Клип 2007-жылы кычыраган кыш мезгилинде талантымды баалаган Шергазы деген байкенин демөөрчүлүгү менен тартылган. Кызыгы, клиптеги башкы каарман кыз башын жууп, кургатпай эле келген экен, кийин бир жумадай ооруптур. Ырдын клибин эл жакшы кабыл алып, көп күйөрмандар кызды жактырып жүрүштү. Концерттерде да "клиптеги кыздын телефон номерин бериңизчи..." деп сурай беришчү. "Мен ал кызды тааныбайм, клипмейкерлер тапкан" деп кутулчумун".

Кубаныч Сатаевдин "Эстедим" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.04.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улара, деген сулуу кыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: