Транспорт министрлиги: “Лонг Хай” компаниясы менен макулдашууга министрдин орун басары Уезбаев кол койгон. Бирок министр Малабаев ордунда эле болгон"

Балыкчы - Корумду жолунун курулушу боюнча өткөрүлгөн тендердин чоо-жайы боюнча бүгүн, 12-апрелде Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүшүүдө. Алар аталган жолду куруу боюнча тендерден утуп чыккан “Лонг Хай” компаниясы менен макулдашууга Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев кол койгонун айтышты. Ал учурда министрдин милдетин аткаруучу Аргынбек Малабаев ордунда болгонун кошумчалашты. "Уезбаев кол койгон документ биздин колубузда турат. Ал эми Малабаев ал учурда ордунда эле болгон, бирок маалыматы жок болгон",- деди министрликтин өкүлү Мелис Алыпсатаров. Малабаев аталган документке Уезбаев кол койгон учурда жумуш ордунда болбогонун айтып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

