Аламүдүн районунда катуу ылдамдыкта келаткан унаанын айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп, окуучу 29 метрге учуп барып кулаган, учурда абалы оор



Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында жогорку ылдамдыкта келаткан коомдук унаанын айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп кетти. Катуу соккудан улам окуучу 29 метрге учуп барып кулаган, учурда абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя саат 11:40 чамасында болгон. Анда жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бараткан 2-класстын окуучусун катуу ылдамдыкта келаткан №180-коомдук унаа сүзүп кеткен. Айдоочу унаасын токтотууга аракет кылган, бирок үлгүрбөй калган. Катуу соккудан улам бала 29 метрге учуп барып жерге кулаган. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Ал эми айдоочу милицияда экени маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

катуу тийген,1 айдай башым ооруп журду.