super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: 77 жыл мурун “Айчүрөк” операсынын бет ачары болгон

 
1939-жылы 12-апрелде кыргыз опера музыкасынын сыймыгы саналган "Айчүрөк" операсынын бет ачары өткөн. "Айчүрөк" операсы - кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун "Манас" үчилтигинин "Семетей" бөлүмүндөгү "Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү" аттуу эпизоддун негизинде Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов. Ж.Турусбеков, музыкасын В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жазган. Алгач Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлуп, дирижёру В.Целиковский, сүрөтчүсү Я.Штоффер, балетмейстри Н.Холфин, хормейстери П.Меркулов, режиссёру В.Васильев менен Куттубаев болушкан.
Биринчи коюлушунда ролдорду С.Кийизбаева (Айчүрөк), Ж.Садыков (Семетей), А.Малдыбаев (Күлчоро), М.Сартбаев (Канчоро), М.Махмутова (Чачыкей), А.Куттубаева (Калыйман), X.Темирбеков (Акункан), Н.Кытаев (Бакай), А.Боталиев (Чынкожо), К.Эшимбеков (Толтой) аткарган. Операнын сюжети бири-бирине карама-каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир жагында эл мүдөөсүн көздөгөн Семетей, Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Акункан жана башка каармандар, экинчи тарапта Чынкожо, Толтой баштаган ички душмандар, буларга тилектеш Чачыкей, Канчоро, Кыяс турушат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: