Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти. Эми ал катардагы депутат



(фото: Дастан Бекешев)
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков ээлеген кызматынан кетерин жарыялады. Өз сөзүндө ал депутаттарга, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Парламент депутаттары аны туруп кол чаап узатышты.
Айта кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү А.Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-4

