super.kg logo
  Саясат  

"Республика - Ата Журт" Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин колдоду. Бабанов жыйынга катышкан жок

 

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын бири "Республика - Ата Журт" Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин бир добуштан колдоду. Жыйын фракциянын лидери Өмүрбек Бабановдун жоктугунан улам анын орун басары Руслан Казакбаевдин төрагалыгы астында өттү.

Жыйында депутаттар талапкерге суроолорду берип, өкмөттүн түзүмүнө кызыгышты. С.Жээнбековдун айтымында, өкмөттүн курамы анча өзгөрбөйт. "Убакыт аз болгондуктан, өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү маселесине 2 айдан кийин келебиз",- деди талапкер.

Мындан тышкары мамлекеттик чек ара маселеси боюнча суроо берилди. С.Жээнбеков чек арага жакын жайгашкан аймактарга барып, жергиликтүү калк менен сүйлөшүп, бул маселени чечүү жолдорун кароону убадалады.

Жыйындын соңунда Р.Казакбаев учурда Ө.Бабанов иш сапарында экенин маалымдап, Бабанов С.Жээнбековдун талапкерлигин колдой турганын айтканын белгиледи.

Айта кетсек, кечээ парламенттеги көпчүлүк коалициясы С.Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: