super.kg logo
  Саясат  

Депутат "шордуу" жана "эрке" министрликтерди атады

 

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Садык Шер-Нияз "шордуу" жана "эрке" министрликтерди атады.

"Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги - булар "шордуу" мамлекеттик мекемелер. Буларга аз акча бөлүнөт. Оптимизациялоо деп аталган министрликтердин кызматкерлеринин айлыктары кыскартылган эле. Ал эми Каржы министрлиги - "эрке" мекеме, анткени каалагандай премия алат, каалаганда оңдоо иштерин жүргүзөт. Жакында бул мекеме аквалангга бассейн курганы жаткан экен. Дагы жакшы, биз токтотуп калдык. Болбосо биз министр менен жолугуш үчүн акваланг кийимин издеп баштамакпыз",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: