super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысына: "Биз дагы унаа алгыбыз келет"

 

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 15-апрелдеги жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков парламенттин фракция лидерлерине унаа берилбегенине нааразычылыгын билдирди.

"Сиз Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы катары кызматтык унаа менен жүрөт экенсиз. Айдоочуңуз бар, бензин берилет экен. Депутаттарга унаа берилбесе, сиз моралдык жактан кантип унаа менен жүрөсүз? Депутаттар жеке унаалары менен аймактарды кыдырып жүрүшөт. Өкмөткө унааларды берип салыппыз. Өкмөт парламентке баш ийет, ошондуктан кызматтык унаалар маселесин көзөмөлгө алышыбыз керек"- деди депутат.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожомкулов бул жыйындан кийин ал жана анын орун басары кызматтык унаадан жана айдоочудан баш тартарын айтты. "Кызматтык унаа менен Улуттук банкка, Каржы министрлигине жана башка керектүү мекемелерге барып, депутаттар үчүн керектүү иштерди аткарып жатабыз. Негизи, кызматтык унаалар парламент кабыл алган токтомдун негизинде берилет",- деди Кожомкулов.

Фракция лидери Өмүрбек Бабанов ЖКнын иш башкармалыгынын башчысына кызматтык унаадан азырынча баш тартпоону айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: