II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында миңден ашык комузчу 1 күүнү чертип, "Гиннесстин рекорддор китебине" кириши мүмкүн

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында миңден ашык комузчу күү черткен флешмоб уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Анын айтымында, оюндардын ачылыш аземин жогорку масштабда өткөрүү - ачылыштагы негизги жумуштардын бири. 1000 комузчунун 1 күүнү чертүүсүн камсыздоо андагы пландардын бири болуп саналат. Азырынча кайсы күү чертилери бекитиле элек.
Кошумчалай кетсек, муну менен уюштуруучулар айтылуу "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү пландап жатышат. Андыктан аталган китепке каттай турган атайын комиссияны чакыруу планы да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун 3-8-сентябрь аралыгында өткөрүү бекитилген:
http://www.super.kg/kabar/news/140823/