super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов: "Төрага 120 депутаттын талаптарын канааттандырышы керек"

 

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча билдирүү жасады. Анын айтымында, фракция өз отурумунда төрагалыкка талапкерди сунуштоо боюнча парламенттеги көпчүлүк коалициясы менен сүйлөшүүлөрдү улантууну чечти.

"Төрага кызматына калыс адам келиши керек. Ал парламенттин бардык 120 депутатынын талаптарын канааттандырышы керек. Микрофонду өчүрүп салбай, ар бирине оюн айтып бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Биз ошентип чечтик. Биздин фракциябыздын атынан төрагалыкка бир нече талапкерди карап жатабыз. Алардын арасында Руслан Казакбаевдин талапкерлиги бар",- деди Бабанов.

Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков анын агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: