super.kg logo

Аламүдүн районунда КамАЗ жеңил унааны сүзүп аңга түшүп кетти, оор жаракаттардан улам жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапты

 

Аламүдүн районунда КамАЗ жеңил унааны сүзүп аңга түшүп кетти, оор жаракаттардан улам жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 22:30 чамасында Шабдан баатыр көчөсүндө, Көк-Жар айылынын аймагында орун алган. Анда 3 чиркегичи менен картошка жүктөп келаткан КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып, жолдо келаткан Хонда Фит унаасын сүзгөн. Натыйжада Хонда Фит жол боюндагы арыкка түшүп, анын үстүнөн КамАЗ басып калган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жеңил унаанын ичинде 5 адам болгон, алардын экөө оор жаракаттардан улам каза болуп, калгандары оор жаракат алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.04.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандарына сабыр берсин аллахым
16.04.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым женилинен бере кор.
16.04.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
17.04.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машина лепёшка болуп калыптыр, ошодон аман калгандарына да шугур. Каза болгондордун жакындарына сабыр тилейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: