Бишкек шаарында кардарынын уюлдук телефонун уурдоого шектелген таксист кармалды
Бишкек шаарында кардарынын уюлдук телефонун уурдоого шектелген таксист кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкектин 30 жаштагы С.Р. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 16:30 чамасында Чыгыш-5 кичи районунан такси кызматтарынын биринин айдоочусу 18 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн аракеттердин алкагында Чүй облусунун 28 жаштагы К.В. аттуу тургуну кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
1

Телеф ээси алалбасын билип арыз жазса керек.Шоферлор тушуп калган телеф-ду оной м-н бербей калды го,бергендери аз гана.