super.kg logo

Ганадан дубай салам

 

Февралда мекендешибиз Мирбек Курманбаев билим алууга аптаптуу Африкага жөнөгөнүн маалымдаган элек. Жарым жылга кеткен жаш адистин ал-жайын сурап билдик.

Мирбек Курманбаев жана устаттарынын бири- Мирбек мырза, башка континенттин тургундары сизди кандай тосуп алышты?

- Өмүрүмдө Африкага алгачкы келишим. Гананын борбору Аккранын эл аралык аба майданына конгонумда гана таптакыр башка өлкөгө келгенимди сездим жана учактан түшкөндө климаттын айырмачылыгы билинди. Борбор калаадагы мейманканада бир түнөп, эртеси Такоради шаары аркылуу аталган континенттеги белгилүү Тарква алтын кенине жеттим.

Окууга барарда айтылгандай, абдан жакшы имаратта орун алган жатаканага жайгаштырышып, бардык жактан жардам беришти. Адеп эле үй-бүлөм менен байланышып турууга шарт түзгөнү жакты. Негизи эле Африка өлкөлөрүнүн арасынан Гана эң тынч, эли сылык, маданияттуу өлкө экен. Жергиликтүүлөр сени тааныбаса дагы чет өлкөлүк экениңди билип, кол булгалап учурашарын көп байкадым.

- Эми сапарыңыздын максаты, окуу жана билим сапаты боюнча кеп уласак…

- Окутуу жайына кирүүнүн алдында алгач алтын кендин медициналык жайынан кароодон өтүп, коопсуздук техникасы боюнча бир нече күн окууга катыштым. Андан соң кен аймагына кирип-чыгууга уруксат алып, кен казууда колдонулуучу оор техникалардын дөңгөлөктөрүн тейлөө боюнча окутуу борборунда билим ала баштадым. Бардык шарттар түзүлүп, абдан тажрыйбалуу инструкторлор ишке тартылган экен. Теория боюнча окуганыбызды улам иш жүзүндө бышыктап жатабыз. Өндүрүштөгү ар кандай кырдаалды мисал катары ойдон чыгарбастан, жүрүп жаткан иш учурунда жаралган чыныгы кырдаалга катышып, чечим кабыл алууга шарт түзүлгөн. Ушул жагы абдан жакты. Билим алуудагы мындай артыкчылык Кыргызстанда жаңыдан гана ишке ашып келе жатпайбы.

Ал эми инструкторлор боюнча айтсак, менин устатым түштүк африкалык Винсент Мвула бул тармакта 20 жылга жакын эмгектенип, дүйнөлүк деңгээлге чыккан адис. Дасыккан кесипкөй катары өз багытында окутуу борборлорун негиздеп, билим берүү системин иштеп чыккан. Учурда «Кал Тайр» жана башка көптөгөн компаниялар Мвула мырза жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде түзүлгөн окутуу программаларын колдонушат. Практикадагы ар бир кыймылыма көз салып, ишти көрсөтүп үйрөткөн устатым ганалык Кофи Дакубо да 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар өз ишинин мыктысы. Дүйнөлүк деңгээлдеги адистердин жетекчилиги астында алган билим толугу менен сапатка жооп берет жана бир гана алдыга умтулууга түрткү болууда.

Жаш адис теориялык билимин иш жүзүндө бышыктоодо- Африка десе эле дароо андагы жакыр өлкөлөрдү элестетебиз. Ганада калктын турмушуна байкоо салгандырсыз?

- Ооба, чындыгында эле ошондой элестетебиз. Бирок жакырчылык Африкадагы бардык өлкөлөрдө эмес. Кызык үчүн карап көрсөм, ИДП боюнча Гана Кыргызстандан алда канча алдыда экен. Өкмөт өлкө инфраструктурасына абдан көңүл бөлүп, жолдорун жаңыртып, бир катар социалдык объектилерди куруп, ал иштер кызуу улантылууда. Калктын турмушу өнүгүп келе жаткан биздин өлкөгө окшош. Айыл жериндегилер мал чарба жана дыйканчылык менен алектенсе, билимдүү жаштар шаарга качышат дегендей. Жыш токойлорго жана баалуу кендерге бай. Атап айтканда, марганец, боксит, алтын, аллюминий жана алмаз өңдүү баалуу кендер иштетилет экен.

- Жергиликтүүлөрдүн арасынан биздин өлкө тууралуу билгендер бар бекен?

- Бул жерге жаңы келгенде инструкторлорум жана чогуу иштеген башка жумушчулар да Кыргызстан тууралуу мурда эч нерсе угушпаптыр. Картаны ачып өлкөбүз кайсы аймакта экенин көрсөтүп, мекенимди сүрөттөп берсем устатым Мвула мырза "өз көзүм менен көргүм келет" дейт. Башкалары да кызыгышууда. Келечекте аларды коноктой турган болдум.

Мирбек окуусун аяктаган соң “Кумтөр” кенинде дөңгөлөктөрдү тейлөө бөлүмүнө жетекчилик орунга келмекчи.

Айтемир Аскеров


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.04.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец без комментариии!!!
18.04.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Братан колуна дептер ручка кармап журот десе , донголоктун болуттарын бурап журотго.
18.04.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай адистердин санын кобойтушсо, келечекте олкобуздун тоо-кен тармагындагы абалы ондолуп иштеп кетсе кийин инвестициялык климатыбызды да жакшыртмакбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: