super.kg logo

"Таш-Көмүрдө ачууга алдырып адамды катуу сабап салып, канга чыланган денесин унаанын багажына салып алган" делген айдоочу кармалды

 

"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында ачууга алдырып эркек адамды катуу сабап салган" деп шектелген айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-февралда Таш-Көмүр шаарынын кичи курулуш аймагында жайгашкан ресторандын жанында токтоп турган Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу шек жараткандыгына байланыштуу Таш-Көмүр шаардык милициясынын кызматкерлери автоунаага кароо жүргүзүшкөн. "Текшерүүнүн жыйынтыгында унаанын багажынан жергиликтүү тургун эс-учун жоготкон абалда табылган. Баш сөөгү канга чыланган, денесинде көк алалар болгон. Жабырлануучу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми кылмышка шектүү адам жабырлануучуну ачууга алдырып катуу уруп салганы боюнча көрсөтмө берген. Бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүү болгон адам шаардык соттун санкциясы менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам мурда бейбаштык менен соттолгон",- дешти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
18.04.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тооообо, шумдук ко. Ким ким тарабынан сабалган? сураныч билип бериниздерчи!?
18.04.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициясынын кызматкерлери токтотпосо, бир талаага алып барып таштап салмакда. Ужас!
18.04.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял кишини сабап олтургон окшойт го баатыр! Тозокко жолдомо алсын ылайым!
19.04.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген заман болуп жатат,ботон элде эмес оз жеримде жашаштан коркуп калдыкго
19.04.2016. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таш Комур дейтгоо... эркекпи же аял бекен? Жайы жаннаттан болсун! А тиги канкор жазаасын алсын!
19.04.2016. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апей шумдукко себеби мине экен ?
19.04.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор..... мусулман бир тууганым не болуп баратабыз.......
19.04.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Usow, Muslima.aksy, саламатсыздарбы? Азырынча буга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат. Дагы да кабар алууга аракет кылабыз.
19.04.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачууга алдырып сабаган кундо да акылын токтотуп ооруканага эртерээк жеткирсе олбой калат беле?
Кан жибербейт дейт, бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо озу да азап тартаарын билбеген адам экен го.
19.04.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олум жазасын киргизмейинче мындай корунуш токтобойт олумго-олум менен жооп бериш керек ошондо гана адамдар сабагандан да коркот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: