super.kg logo

Ош шаарында Орусия киносунун жумалыгы старт алды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 19-апрелде Орусия Федерациясынан белгилүү кинорежиссёрлор, актёр-актрисалар, кино сынчылар, журналисттерден турган делегация Ош шаарына келди. Алардын катарында СССРдин Эл артисти Людмила Чурсина, Орусия Федерациясынын Эл артисти Фёдор Добронравов да бар. Конокторду Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер жана жаштар тосуп алышты.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, делегация 19-23-апрель аралыгында Ош шаарында өтүүчү Орусия киносунун жумалыгынын алкагында келишти. 4 күн бою “Семетей” кинотеартында Орусиянын мыкты кинолору көрсөтүлүп, талкууга алынат.

Муну менен катар кыргыз фольклордук ансамбли концерт тартуулайт, “Оштун алтын колдору” аттуу сүрөт, кол өнөрчүлүк, кулинардык көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле Орусиядан келген коноктор менен жаштардын жолугушуусу, "Сулайман-Тоо" этнографиялык комплексине экскурсия, Ош облусунун Алай району жана Курманжан датканын музейи менен тааныштыруу сыяктуу маданий программалар түзүлгөн.

Иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов, облус жетекчилери, Орусия Федерациясынын Маданият министрлигинин өкүлдөрү, Орусиядан, Бишкек шаарынан келген коноктор жана калаа тургундары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: