super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Мындан 23 жыл мурун миллиондорду шыктандырып, жүрөгүн жаралаган “Backstreet Boys” тобу түзүлгөн

 
Мындан 23 жыл мурун, 1993-жылы, 20-апрелде белгилүү америкалык “Backstreet Boys” музыкалык тобу түзүлгөн. Топ Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан негизделген.
Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтреллдер келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене баштайт. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3 миңге чукул көрүүчүнүн алдында болуп өткөн. Дал ошол концерттен күйөрмандарынын бири бул топтун келечеги чоң экенин байкап, Америкадагы ырчыларга колдоо көрсөткөн “Jive Records” студиясына телефон чалган. Жыйынтыгында “Backstreet Boys” тобу бул студия менен келишимге кол коюп, биргеликте иштеше баштайт. Бирок жигиттер дүйнөлүк масштабдагы атактуулукту багындыруу үчүн канчалаган эмгек жумшашса да 4 жыл бою өздөрү каалаган популярдуулукка жете алышкан эмес. Бул убакыт аралыгында “Backstreet Boys” тобу бир гана түнкү клубдардын жана ресторан-кафелердин жылдызы аталууга жетишкен.
1996-жылы топтун эң алгачкы “Backstreet Boys” (“Аркы көчөнүн балдары”) деп аталган жаңы альбому жарыкка чыгып, Батыш Европада популярдуу боло баштайт. Ал эми 1997-жылдан тарта дүйнөнүн эң атактуу музыкалык топторунун катарына кошулган “Backstreet Boys” тобу ырларынын сатылышы боюнча болуп көрбө­гөн­дөй натыйжаны көрсөтүп, 2001-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.
20-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: