super.kg logo

Бишкекте "Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм" комедиялык тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтүүдө

 

Бүгүн, 21-апрелде борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм" комедиялык тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор жана журналисттер катышууда.

"Ушинтип эле жүрө бересиңби? 25ке чыктың. Качан үйлөнөсүң?" деген ата-эненин сөздөрүн ар бир бойго жеткен жигиттер күн сайын угары шексиз. Андыктан тасма үйлөнүү темасына арналат.

Тасмада башкы каармандардын биринин образын жараткан Данияр Асанбеков тасма тууралуу мындай дейт: "Каарманым өзүмө окшош болгондуктан, тасмада көп деле кыйынчылыктар жаралган жок. Башында камерадан сүрдөп, образды жакшы ачып бере албай жаткам, кийин көнүп кеттим. Каарманымды апасы үйлөн, үйлөн деп кыйнай берет. Шаардан Караколго конокко барып, ошол жактан сүйүктүүсүн жолуктурат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: