super.kg logo

Бишкекте “Жаш таланттар-2016” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Бишкекте музыкалык мектептердин окуучуларынын арасында дээрлик бир айга созулган "Жаш таланттар-2016" сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда гала-концерт уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды. Сынакка катышкан 7 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздар-балдар эстрадалык вокал, эстрадалык-аспаптык жеке аткаруу чеберчилиги боюнча таймашышты. Калыстар тобунда Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория менен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын окутуучулары болушту. Жалпысынан сынакка 80ге жакын бала катышып, 38 окуучу мэриянын түрдүү сыйлыктарын алды.

Эстрада-аспаптык жеке аткаруу боюнча фестивалдын баш байгесине №9-Балдар музыкалык мектебинин окуучусу Артыкбай уулу Тимурмухамед (саксофон) жана №7-Балдар музыкалык мектебинин окуучусу Султан Жоробеков (вокал) татыктуу болду. Ошондой эле "Эстрада-аспаптык аткаруу" номинациясында 1-орунду Айдин Кылычбеков (сыбызгы, №6-Балдар музыкалык мектебинен) ээледи. Эстрадалык вокал боюнча 1-орунду Деңиза Ильясова (№7-Балдар музыкалык мектебинен) камсыздады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: