super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Келин келгенский" ырынын клиби эркектерге "эртерээк үйлөнгүлө, баары жакшы болот" деп мотивация берет" дейт Азамат Исмаилов

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлгөн, кызуу талкууга алынган кызыктуу клиптердин бири Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатовдун аткаруусундагы "Келин келгенский" ырынын клиби. Шоумен, "тамашоучу", эми ырчылык өнөрүн көрсөтүп жаткан Азамат Исмаилов "азыр сүйдүм-күйдүм деген
бири-бирине окшош ырлар көп, өзгөчөлүк болсун деп ушул ырды жаздырып, клип тарттык"
дейт.

"Кыргызда үйгө келиндин келгени жакшылыктын, майрамдын белгиси. "Келин келгенский" тамашалуу чыгарма болгондуктан, клипти да ошого ылайыкташтырып тарттык. Клипте супер келиндин образын көрсөттүк. Күйөөсү көчөдөн келсе тамак-аш даяр, кийимдери таза, үй жыйнаштырылган, бойдок кезде анын бири жок да. Кыскасы, эркек кишилерге "эртерээк үйлөнгүлө, баары жакшы болот" деген ойду айтып, мотивация бердик. Эң аягында тамашалап "башында аялы күйөөсүн бакса, балалуу болгондон кийин күйөөсү аялын багып, эркек аялга баш ийип калат" дегенди көрсөттүк.

Ырга, клипке түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат. Түшүнгөндөр тамашалуу ырды туура кабыл алышып, 90 пайызы жакшы ойлорун айтышты. Эми баарына бирдей жага албайсың. Коомдо жашоого таарынган, ачуулуу адамдар көп. Андыктан негатив эмес, позитив тартуулайлы деген максатта, элдин көңүлү, жакшы маанайы үчүн ушундай тамашалуу чыгарма жараттык".

Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатовдун аткаруусундагы "Келин келгенский" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.04.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда ыр болобу? Ыр деп эле эптеп септеп ырдаш керек экенда маанисине карабай тооба.
27.04.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашалуу деп жатпайбы тамашоучулар ,кичиней балдарыбыз суйуп угатта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: