Өткөн суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда унаа толугу менен күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагындагы Дмитровка айылында Мерседес үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда унаанын ээси жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.