Мекендешибиз Урмат Борченов "Левитандай сүйлөйбүз" Эл аралык радио сынагында алдынкы ондукка кирди (тизме)

"Левитандай сүйлөйбүз" Эл аралык радио сынагынын алдынкы ондугуна мекендешибиз Урмат Борченов да кирди. Орус тилдүү радио берүүлөрдүн биринин директору Алексей Орлов башында турган эксперттик топ сынакка жиберилген 109 эмгектин арасынан 10ун тандап алып, интернет-сайттардын бирине жарыялаган.
Сынакка жалпы ондон ашуун өлкөдөн: Орусия, Беларусь, Украина, Кыргыз Республикасы, Молдова, Казакстан, Армениядан эмгектер келип түшкөн. Эми калыстар тобу 2016-жылдын 5-майында сыйлык ээлерин жарыялайт. Сынак "Совинформбюронун" (Советтик маалыматтык бюро) 75 жылдыгынын урматына уюштурулган.
Алдынкы ондукка киргендер:
1. Ромео Бакал (Тирасполь, Молдова)
2. Урмат Борченов (Бишкек, Кыргыз Республикасы)
3. Мухамедали Бухарбаев (Астана, Казакстан)
4. Александр Крапиневич (Минск, Беларусь)
5. Сергей Килессо (Минск, Беларусь)
6. Алексей Петров (Сочи, Орусия)
7. Алексей Подолян (Севастополь, Украина)
8. Евгений Прохоров (Арзамас, Орусия)
9. Евгений Стрельцов (Москва, Орусия)
10. Сергей Судев (Комрат, Молдова)
Белгилей кетсек, Юрий Левитан СССРдин көрүнүктүү диктору болгон. Атактуу диктор 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды, 9-Май - Жеңиш күнү тууралуу жаңылыкты радио аркылуу бүт Совет элине жарыя кылган.
Ошондой эле Гитлер Левитанды №1-душман деп эсептеп, анын башы үчүн өтө көп суммадагы акча сайып, атайын кызматтар артынан аңчылык кылган. Ал эми аны өңүнөн саналуу гана адамдар тааныганы маалыматтарда айтылат.
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Ромео Бакал, Тирасполь
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Урмат Борченов, Бишкек
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Мухамедали Бухарбаев, Астана
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Сергей Килессо, Минск
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Александр Крапиневич, Минск
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Алексей Петров, Сочи
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Алексей Подолян, Севастополь
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Евгений Прохоров, Арзамас
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Евгений Стрельцов, Москва
"Левитандай сүйлөйбүз" сынагы: Сергей Судев, Комрат
Юрий Левитандын Германиянын СССРге кол салганын кабарлаганы (22.06.1941)


Сынакта биринчиликти алышыны кош-колдоп колдойм.
Алга, жердеш!!