super.kg logo

Ош. Статистика кызматкерлерин куттуктоо иш-чарасы болду

 

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистикасынын 90 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу аземге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов, Ош шаардык жана облустук мамлекеттик статистикасынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ош шаарынын мэриясынын атынан статистика кызматкерлерин вице-мэр Мирлан Исраилов куттуктап, Мамлекеттик статистика кызматы ары даңазалуу, ары татыктуу жолду басып өткөндүгүн баса белгиледи.

“Кара кыргыз облустук революциялык комитетинин 1926-жылдын 29-апрелиндеги токтому менен Кыргыз статистика комитети түзүлүп, статистикалык маалыматтарды топтоонун жооптуу милдети жүктөлгөндөн бери айтканга жеңил болгону менен, кылымга жакын мезгилди камтыган тарыхый жолду басып өттү. Коомдун өнүгүшүнүн бардык этаптарында статистикалык маалыматтарга болгон муктаждыкты камсыздап, ак ниет менен жоопкерчиликтүү иштеп келе жатасыздар”,- деди М.Исраилов.

Салтанаттын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын атынан статистика системин өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн Мамлекеттик статистика кызматынын айрым кызматкерлери Ардак баракча жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.04.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа, карап корсон статистика кызматкерлеринин эмгеги болбосо кыйыын.
Мен мисалы; Жумушума байланыштуу башка олкодо б.а. коншу олкодо иштеп жашайм. Албетте убактылуу.
Шайлоо убагында статистика кызматкерлеринин корсотмосу боюнча чакырык кагаздар таркатылат эмеспи а мен жокмун, а так, учётто бармын. Ошентип алардын чакыруу баракчасын албай мен учёттон чыгып калам...
Мен да жадабай Кыргызстанга барган сайын учётумду жанылап, турак жай, улуш жеримдин налогун толоп коём.
Статистикам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: