super.kg logo

"Тамашоудо" Мерген Турганды ырдатышты жана тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону Шахриза Халилованын колун сурашты (фото)

 
Тамашоучу жигит тай-бокс боюнча дүйнө чемпиону Шахриза Халилованын колун сурап жатат
Тамашоучу жигит тай-бокс боюнча дүйнө чемпиону Шахриза Халилованын колун сурап жатат
Тай-бокс боюнча дүйнө чемпиону Шахриза Халилова

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы болуп өттү. Анда "тамашоучулар" өз тамашаларын музыкалык жанрда айтып жатышты. Тагыраагы, музыкалык фестиваль болгондуктан, ар бир команда ырдоо өнөрүн көрсөттү.

Анда "Универсал", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ала-Тоо", "Рота", "НКБ", "National", "Brooklyn", "Ассорти", "Ошингтон", "Ацтек", "Талас", "Восток", "Hypevent", "Мисс шоу", "Босфорд", "МК шоу", "Жигиттер", "Кыргыз style", "Келечек", "Арча-Бешик", "Эксклюзив", "Южный колорит" командалары катышты.

Калыстар тобунун катарында тамада, "Тамашоунун" Ош шаарындагы калыстар тобунун мүчөсү Эрнис Кулназаров, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, режиссёр Рысбек Жабиров, тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону Шахриза Халилова, ырчылар Мерген Турган, Жийдеш Идрисова, Урмат Усенов болушту.

Фестивалдын жыйынтыгында "Эң мыкты команда" наамын "Ассорти" жана "НКБ" курама командалары алышты. Ал эми "Южный колорит" командасынын тамашалары "Эң мыкты тамаша" деп аталып, "Позитифф" командасынын Нурсултан аттуу оюнчусу мышыктын образын мыкты деңгээлде аткарганы үчүн "Эң мыкты оюнчу" деп табылды.

"Тамашоунун" Жазгы музыкалык фестивалынан тамашалар:

"Южный колорит" командасы:

Нурмат Садыровдун “Торгоюм” ырын сүннөткө отургузула элек бала ырдаганда:
“Сенсиң менин торгоюм,
Молдолордон коргоюн.
Молдолорго кырктырбай,
Күнү-түнү коргоюн”.

"Күн күркүрөп, шайлоо өттү,
Депутаттар кайда кетти?
Добуштарды чогултушуп,
Депутаттар “кидать” этти".

“Ассорти”, “НКБ” командалары:

“Таластык кыз, ай,
Мактап салсам, ай.
Тойго барып, ай,
Жарып салдың, ай”.

"Москвада оштуктар, Бишкекте да оштуктар, Ошто да оштуктар.
Бар болгула, оштуктар".

“Нуреvent” командасы:

“Чоң апа сүйлөйт аста-аста, сүйлөп бүтпөйт никогда”.

Ошондой эле "Позитифф" командасынын оюнчусу калыстар тобунун мүчөсү болгон тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону Шахриза Халиловадан "Мага чыгасыңбы?!" деп сурады. Өз тажрыйбасында рингде ондогон атаандаштарын нокаутка кетирген аялга жаш, орто бойлуу эле баланын мындай суроосу абдан күлкүлүү көрүндү. Кийин "Мага күйөөгө чыгасыңбы?" деген мааниде айткан элем" деп актанганы конокторду күлкүгө салды.

Жазгы музыкалык фестивалда тамашоучулар саясат, коом, турмуш, учурдагы каатчылык, элдин банктан алган насыя карыздары тууралуу чындыктарды тамашага салып, музыканын коштоосунда ырдап-бийлеп жогорку деңгээлде көрсөтүп жатышты. Соңунда калыстар тобунун ар бир мүчөсү оюнчуларга ыраазычылык билдирип, ар бир команда жакшы даярдык, оюн көрсөткөндүктөрүн белгилеп, мыктыларды аныктоо кыйынга турганын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
23.04.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашок кызыктуу болгон окшойт бара албай калдымда.
23.04.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мерген Турган - Туруп Берген...
24.04.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин Масляковдун прическасы кричит
24.04.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тушунбодум шахрезаданын колун сурашты деп тема коюп анан жазбай коюпсунар админ ? Ким сурады? Кантип сурады?
24.04.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба чынында эле жакшы откошойт
24.04.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун жуктоп койбойсунарбы
24.04.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu Кантип сураганы жазылып туратко аягына чейин окусан.
24.04.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле кызыктуу тема болсо.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: