super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Ырчы Кыздаркан Келдибекова "Сүйүү жазы" ырынын клиби сюжети жок, студиянын ичинде тартылгандыгы мен үчүн өзгөчө болду" дейт

 

"Сүйүү жазы, менин махабатым,
Дарылачы жүрөк жараларын"
деген саптары бар Гүлнара Кахарованын аткаруусундагы "Сүйүү жазы" ыры бир кезде хит болгон чыгармалардын катарына кирет. Эми бул ырды Кыздаркан Келдибекова жаңылап ырдап чыгып, ага клип тартты. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Бул ырды Гүлнара Кахаровадан уруксат алып ырдап чыгып, клип тарттырдым. Клипке карата белгилүү эле ырчылар өздөрүнүн жакшы пикирлерин айтышты. Чет өлкөдөгүдөй клип тарттырсамбы деп ойлоп жүргөм. Бийчи кыздардын коштоосунда, сюжети жок, студиянын ичинде тартылгандыгы мен үчүн өзгөчө болду деп ойлойм. Клипти эки күндө тартып бүттүк".

Кыздаркан Келдибекованын "Сүйүү жазы" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.04.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын ташкындай берсин,дайым жаркырап журо бер!Марал эженин подружкасы болом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: