Бишкекте "18 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган" деген шек менен 42 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте "18 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган" деген шек менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 28 жаштагы И.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында 19-апрелде Ак-Босого жаңы конушунун аймагында саат 22:30 чамасында 20-25 жаш курагындагы белгисиз адам анын 18 жаштагы Б.Ж. аттуу сиңдисин зордуктоого аракет жасаганын билдирген. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы А. А. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-1

Демократия деп батышты туурап , ата энесин да укпай көчөлөгөн кыздар көбөйдү, чып жармашкан шым, кыска юбка, төшү ачык фудболка кийишип.