super.kg logo

Бишкек жана Жалал-Абадда мыйзамсыз түрдө ок атуучу курал алып жүргөн жарандар кармалышты

 

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынан мыйзамсыз түрдө ок атуучу курал алып жүргөн жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тиешелүү ыкчам иликтөө иштеринин алкагында баш калаанын Тоголок Молдо жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы П.А. аттуу жарандын жеке буюмдарын текшерүү учурунда 9-калибрдеги 4 ок табылган. Борбор калаанын Р.О. аттуу дагы бир тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү аныкталган. Текшерүү учурунда кармалган жарандын жанынан пневматикалык тапанча табылган.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы май куюучу жайдын жанынан алдынкы номери жок Дэо Тико жеңил унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда Супер 35 үлгүсүндөгү газ тапанча табылган. Учурда аталган фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.04.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал абада токарный цехте иштеген озбек балдардан табылыптыр ошолорго окшогондорду каттуу чара колдонуш керек
25.04.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miki-84,Милиция түбүнө жетсе керек эми. Алар анда башкача винтовкаларды да жасап бекитип койгон болуш керек "на черный день" деп.
Негизи Сузакты да тытып чыгыш керек эле. АУГ, М4А1 карабиндерди каяктан алышты экен 2010-жылы ?
Токарный цех кимге караштуу ?
25.04.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текшерүү учурунда кармалган жарандын жанынан пневматикалык тапанча табылган.
Биздин милиция законду билбейби ? Пневматикалык тапанча табылган дейт. 18 жашка толуп, Кр гражданини болуп пневматикалык тапанча көтөрүп жүрсө болот. Закон жол берет. Магазинде да эркин сатылат. Сатып алуу үчүн да эч кандай документ керек эмес .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: