super.kg logo

Ысык-Көлдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки жаран кармалды

 

Ысык-Көлдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 30-мартта саат 22:25 чамасында үйүнө келе жаткан маалда белгисиз адамдар аны күч менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаага отургузуп, ээн талаага алып барып кезек менен зордуктап, эки уюлдук телефонун, акча каражатын тартып алганын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 30 жаштагы Кубанычбек О. аттуу тургуну кармалды. Сурак учурунда кылмышка шектүү анын жанында 32 жаштагы Арзымат К. аттуу таанышы да болгонун билдирген. Кылмышка шектүүлөр мас абалда болгондорун билдиришкен. Бул факт боюнча “зордуктоо” жана “тоноо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку Кенеш тезиреек мындай ангилерге каршы катуу мыйзам кабыл албаса мындай дын аягы суюлчудай эмес.Мындай зордукчуларды бычып салуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: