Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын 250дөн ашууну Жаңы-Жер айылындагы абакка көчүрүлдү

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар февраль айынын аягынан баштап Жаңы-Жер айылындагы
№19-абакка көчүрүлүүдө. Учурда өмүр бою эркинен ажыртылган 50дөй айыпкер өз кезегин күтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өмүр бою эркинен ажыратылгандар 29-февралдан бери №19-абакка этап-этап менен көчүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 250дөн ашууну аталган абакка көчүрүлдү. 50дөй айыпкер жакынкы убакыт аралыгында көчүрүлөт", - деп билдиришти Жаза аткаруу кызматынан.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300дөн ашкан. Жаңы-Жер айылындагы абактын жаңы курулган биринчи имараты февраль айында пайдаланууга берилип, азыркы тапта абактын аймагындагы экинчи имараттын курулуш иштери жүрүүдө.


Алар ачкадан эле олушсунбу ошондо
ачкадан эмес атып салыш керек