Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, Кара-Кулжа районунда сарайдын 210 чарчы метр чатыры күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кара-Кулжа районуна караштуу Карагуз айыл өкмөтүндөгү Көк-Ирим айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда 210 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 10 тонна жыйылган эндей чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.