super.kg logo

Бишкекте кыргыз менен казак бир тууган эл экендигин даңазалаган комедиялык тасманын бет ачары болду (фоторепортаж)

 
Тасманын режиссёру Нурлан Абдыкадыров
Актёр Мукамбет Токтобаевдин жубайы Жандатбүбү Жаманбаева да тасмада башкы каармандардын биринин образын жараткан
Актёр Мукамбет Токтобаев
Көрүүчүлөр актёр Мукамбет Токтобаевди бир мүнөт эскерип турушту

Бүгүн, 27-апрелде "Манас" кинотеатрында "Кыргыз-казак бир тууган. Путешествие с бомбой" комедиялык тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Ага тасманын жаратуучулары, чакырылган коноктор, шаар тургундары жана башкалар катышышты.

Тасманын бет ачары улуу актёр Мукамбет Токтобаевди бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Комедиялык тасмада тентек кыздын образын жараткан ырчы Сауле башында образга кире албай кыйналганын айтат. “Тасмада эркек мүнөз, аябай тентек кызды ойнодум. Тасма 3 жыл тартылгандыктан, кыйынчылыктар болду. Кыш, күз мезгилиндеги суук аба ырайына карабай жука кийинип ойноого туура келип жатты”.

Тасмада Ихтиандр аттуу башкы каарман казак кызы Диананы Казакстандын Алматы шаарынан Ысык-Көлгө үйүнө алып келет. Ошол күнү эле кыздын башына ак жоолук салышат. Кыргыздын салты боюнча кудалардын алдынан өтүү үчүн Ихтиандрдын жакындары берчү калың, белектери менен кичи автобуска түшүп алып Казакстанга жөнөп калышат. Казак чек арасына жеткенде аларды өткөрбөй коюшат. Кандай да болсо максатка жетүүнү көздөгөн кудалар чек араны бузуп, тоо аралап Алматыга жол алышат. Алдыда аларды казак кудалардын катуу каршылыгы, милиция кызматкерлеринин коркутуулары, жадакалса түрмөгө түшүп калуу коркунучу жана ыр-тамаша, күтүлбөгөн баалуу белектер күтүп турган болот. Кыргыз, казак элинин бир тууган эл экендиги “Кыргыз казак бир тууган. Путешествие с бомбой” тасмасында күлкү менен баяндалат.






Эл артисти Мукамбет Токтобаев акыркы ролун жараткан "Кыргыз-казак бир тууган" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
28.04.2016. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу актер эле. Тируу болсо дагы коп роль жаратма
SUPER.KG видео
29.04.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро турган тасма экен. Кап Бишкекте эмесминда.
Медиа-портал
29.04.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мукамбет агай ото талатуу адам эле жаткан жери жайлуу болсун дайым биздин журогубуздо эч качан унутулбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: