super.kg logo
  Саясат  

Эртең өкмөт Жогорку Кеңеште ант берет (тизме)

 

Эртең, 28-апрелде өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришет. Бул тууралуу чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Төрага Чыныбай Турсунбековдун айтымында, өкмөттүн ант берүү аземи президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтмөкчү.

Эскерте кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Өкмөттүн курамы төмөнкүдөй:

- премьер-министр - Сооронбай Жээнбеков

- биринчи вице-премьер-министр - Мухаммедкалый Абылгазиев (буга чейин Аалы Карашев болгон)

- экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Олег Панкратов

- социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Гүлмира Кудайбердиева

- өкмөттүн аппаратынын башчысы - министр - Акылбек Осмоналиев (буга чейин Нурханбек Момуналиев болгон)

- тышкы иштер министри - Эрлан Абдылдаев

- билим берүү жана илим министри - Эльвира Сариева

- маданият, маалымат жана туризм министри - Алтынбек Максүтов

- транспорт жана коммуникациялар министри - Замирбек Айдаров (буга чейин Аргынбек Малабаев болгон)

- ички иштер министри - Мелис Турганбаев

- юстиция министри - Жылдыз Мамбеталиева

- каржы министри - Адылбек Касымалиев

- экономика министри - Арзыбек Кожошев

- айыл чарба жана мелиорация министри - Турдуназир Бекбоев

- өзгөчө кырдаалдар министри - Кубатбек Боронов

- саламаттык сактоо министри - Талантбек Батыралиев

- эмгек жана социалдык өнүгүү министри - Кудайберген Базарбаев

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы - Абдил Сегизбаев

- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы - Марат Кенжисариев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: