super.kg logo

Жалал-Абад. Гимн ырдалып жатканда ордунан турбай койгон медресенин окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

 

Жакында Жалал-Абад шаарында облустук казыят жана Жалал-Абад ОИИБи тарабынан түштүк аймагы боюнча 300дөн ашык кишинин катышуусунда конференция өткөн. Конференция КРнын Мамлекеттик гимни менен башталган. Гимн обого жаңырганда залдагылардын баары ордунан туруп, арткы катардагы кыздар турган эмес. Аларды балкондо отурган уюштуруу тобунун башында турган жетекчилер байкап, конференциянын аягында "мамлекеттик гимнди сыйлоо керек" деп эскертүү беришкен.

Жалал-Абад ОИИБинен бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына билдиришкендей, ал кыздар "Айша-Садык" медресесинде окушат. "6-7-класста окуган кыздар экен. Ооба, алар хиджаб кийип отурушкан. Алардын "биз диний медреседе окуйбуз, ордунан туруп, жүрөккө колду коюп, гимн аткаруу динге туура келбейт" деп айтканы күмөн, себеби алар эч ким байкабайт деген ойдо гана ордуларынан турбай коюшкан", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Басма сөз кызматы белгилегендей, тиешелүү сөз айтылган соң медресенин жетекчиси жана облустук казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп, бул иштерди аткарууну моюнга алышкан.

Кошумчалай кетсек, конференцияда диний экстремизм жана терроризм алып келе турган коркунучтар түшүндүрүлүп, андан алыс болуу чакырыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(50)
27.04.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
гимн ырдаганда ордунан туруу керектигин билген эмеспиз, биздин окуу жайда кандайдыр бир иш чара болгондо, башында аягында куран угузулчу деп жооп беришиптир. Кантип эле? мектепте 1-кл.баштап уйротот. Билишет, сопсонун билишет. гимнинерди уруп ойнобойбуз дегенди билдирип жатышат мындай аракети мн! мамлекет эмне учун эч кандай чара колдонбой жатат? тизгинин тарттырыш керек болчу эбак эле. кеч болуп кала электе!!! мына жыйынтыгын коро баштадык акырындан..
nurik2103 түзөттү 2016-04-27 19:20:39
27.04.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Куранда гимн жок деп. Гимн ойнолгондо медреседеги окуучулар эле эмес президент ордунан турат! Динний окуу жайларга жакшы реформа жургузбосо арты жаман болот!
27.04.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Өтө эле динге берилип, мамлекеттик мыйзамды уруп ойнобогондордон этият болуу керек. Айрыкча Жалабаттан көп кетип жатышат, тигил жака.
27.04.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мектеп окуучулары учун медреседен билим алууга же хиджап кийууго тыйуу салыныш керек.Жаш оспурумдордун психикасы тез бурулат,мусулман динин жамынгандардан адашып билим алып алышы мумкун.Мектепти бутуп,оз ойлорун токтотуп.Пайдалуу жана зыяндууну айырмалаган убакта окуп,оронсо да болот го.
27.04.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aidai88,колдойм
28.04.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
sessa, Оронбогондор оронгонду жактырбайтда, силерге койсо дынкыйган фигуранарды эркектерге корсотуп, делебесин козгогондо ырахат аласынар. Ордунан турбаган кыздарга келсек, алар чын дилден хиджап кийип медреседе чыныгы дилден берилбегенин билгизип турат. Себеби эч ким корбойт деп турбай койдубу бирок Аллах коруп турганын эсинен чыгарбашы керек. Аларды дагы да терендетип окутуу керек.
27.04.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
aidai88,озунуз оронбой туруп башка бироону да жолдон азгырбаныз...Сураныч
28.04.2016. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
malik.kadyr,туура айтасыз таксыр.
28.04.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
malik.kadyr,Оронбосомда Аллага чнксиз шугурлор болсун,оз ыйманым мененмин.Хиджап кийип суюк жургон кыздарды корсом кадимкидей зээним кейип,журогум ооруп чыгат.Сиздин же менин апамдын окуучулук кезиндеги суротторду бир барактап койунузчу.Хиджапчан суроту бар бекен? Аркы дуйнодо ар ким озу учун жррп берет,биро бироого эмес.
28.04.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai88,
Мектепти бутуп пока ойлоруна келгенче исламга болгон кызыгуу дегеле калбай калат. Жаш балдарга кичинесинен куран, ислам эмне экенин уйротуш бул парз. Окууну бутуп 20 га келгенде балан тупой, керек болсо ата энесинин тилин укпай калат.
28.04.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abdymuhtar,Кыргыздар качан эле хиджап кийип журду эле же хиджапчан качан мектепке барды? Эгер ошончолук авратын жапкысы келсе,узун кыргыздын улуттук кийиминин туру бар.О.э.ошол хиджап кийиген кичинекей кыздар анын кадырына жетип жаканына ким кепилдик бере алат? Алар азыр жаш бугун башканы ойлосо,эртеге самаганы башка.Хиджап кийип ошонун баркына жетип жатабы? ЖОК!!! Оронгон кыздардын намаз окуганын корбодум,жигиттер менен суйлошуп оозунан ак ит кирип кара ит чыгып хиджаптын атын булгап жатат.
28.04.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Макул билим алсын.Аоар туура багытта алып жатабы? Мен тааныгандардан бир нече адам бар илим алабыз деп узтазынын уйундо жашап билим алат,кез келип алардын бироосу апасы жалгыз калганы себеп болуп барбай калат.Азыр ошол устазы мусул атын жамынган болуп чыгып азыркы тапда дайыны жок издоодо журот.Балким балада барганда,ал да качып журмок азыр.
Хиджап кийигендин баары ыймандуу эмес,кыска кийигендин баары ыймансыз эмес.хиджапсызда авратын жаап,дин жолунда,ыйманы менен жургрн кыздарыбыз коп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: